Назым Мендебаировдун агасы, режиссёр Шамбет Мендебаиров каза болду
RU

Назым Мендебаировдун агасы, режиссёр Шамбет Мендебаиров каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нарын театрынын режиссёру Шамбет Мендебаиров каза болду. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, режиссёр 1-майда 51 жашында мезгилсиз дүйнө салды.

Шамбет Мендебаиров Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын көркөм жетекчиси, режиссёр Назым Мендебаировдун бир тууган агасы. Ал 1972-жылы Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Чаек айылында туулган.

Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун "Театр жана кино" факультетинин "Режиссура" кафедрасын аяктаган. Окуу жайдын 5-курсунда окуп жаткан мезгилде Нарын облустук М.Рыскулов атындагы музыкалуу драма театрына "Жашоо деген…" (дипломдук иши) спектаклин койгон.

2012-жылдан ушул күнгө чейин М. Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалуу драма театрында көркөм жетекчи, режиссёр-коюучу болуп эмгектенген.

Маркумду узатуу зыйнаты 3-майда саат 11:00дө Нарын шаарында Жаңы-Жол аймагында өтөт.

Kaktus.kg сайты Шамбет Мендебаировдун дүйнө салганына байланыштуу үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11973