АКШда Азербайжан-Армения сүйлөшүүлөрү өтүп жатат
RU

АКШда Азербайжан-Армения сүйлөшүүлөрү өтүп жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Азербайжан-Армения сүйлөшүүлөрү өтүп, жолугушууга АКШ ортомчулук кылып жатат. Эки тарап Вашингтондо жолугушту.

Эл аралык басылмалар сүйлөшүүлөр бир нече күнгө созулары күтүлүп жатканын жазышууда.

Буга чейин мамлекеттик катчы Энтони Блинкен Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен телефондо сүйлөшкөндө Лачин коридоруна байланыштуу жагдайга тынчсыздануусун билдирген.

"Бул жолугушууда тараптар Лачин коридоруна Баку орноткон көзөмөл-өткөрүү пунктуна байланыштуу чыңалууну токтотуу аракетин сүйлөшүүгө аракет кылат", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Азербайжан Тоолуу Карабах жана Армения менен байланыштырган Лачин коридоруна апрелде көзөмөл бекет орноткон. Баку Ереванды Тоолуу Карабахка аскерлерди, курал-жарак, ок-дарыларды мыйзамсыз ташып жатат деп айыптап келет.

Тоолуу Карабахта негизинен этникалык армяндар жашайт. Ал жерди эл аралык коомчулук Азербайжандын бир бөлүгү катары тааныйт.

Бул эки өлкө ортосунда 2020-жылы согуш болуп, алты айдан кийин Азербайжан Россиянын ортомчулугу менен ок атышпоо келишимин түзгөн. Буга ылайык, Баку жолду ачык кармоого милдеттеме алган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11983