Муфтият: Өлкө боюнча дээрлик 54 млн сом фитир-садака топтолду
RU

Муфтият: Өлкө боюнча дээрлик 54 млн сом фитир-садака топтолду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Быйыл өлкө боюнча 53 млн 824 миң 441 сом өлчөмүндө фитир-садака топтолду. Анын 657 миң 881 сому "РСК Банк", 900 миң 557 сому "Мбанк" аркылуу жыйналды. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы Бакыт Нурдинов билдиргендей, топтолгон каражаттын 60 пайызы жергиликтүү мечиттерге (30 млн 681 миң 82 сом), 15 пайызы хатибияттарга (5 млн 785 миң 835 сом), 15 пайызы казыяттарга (8 млн 514 миң 956 сом), калган 10 пайызы Муфтиятка (5 млн 167 миң 49 сом) бөлүндү.

Фитир-садака жергиликтүү мечиттер, хатибияттар, казыяттар, ошондой эле мМфтият тарабынан муктаждарга таратылып берилүүдө.

Белгилей кетсек, өткөн жылы 42 млн 247 миң 328 сом фитир-садака топтолгон. Мындан сырткары интернет банкинг аркылуу 256 миң 800 сом жыйналган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11990