Бишкек ЖЭБине көмүр алуу боюнча тендерге эки гана компания катышкан
RU

Бишкек ЖЭБине көмүр алуу боюнча тендерге эки гана компания катышкан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 2-майда "Электр станциялары" ишканасы Бишкек ЖЭБине көмүр жеткирүү боюнча ишканалардан сынактык табыштамаларды ачты. Kaktus.media сайтына маалымат булактары билдиргендей, тендерге катышуу үчүн Jetta Stroy LTD жана Gefest деген эки компания арыз берген.

Белгилей кетсек, быйыл "Электр станциялары" ААК 550 миң тонна көмүр сатып алууну көздөп жатат.

Компаниялар берген арызда, атап айтканда, Gefest 2 миллиард 92,3 миллион сомго 550 миң тонна берүүгө даяр. Компания Шубаркол кенинен көмүр сунуштайт (Казакстандагы көмүр казылган аймактын туура аталышы. Белгисиз себептерден улам бул көмүр Кыргызстанда Шабыркүл көмүрү деп аталат, бирок Шабыркүл Өзбекстандагы көл болуп саналат жана анын "Д" маркасындагы көмүргө эч кандай тиешеси жок. (ред - Kaktus.media)

Өз кезегинде Jetta Stroy LTD 34,6 миллионго аз, башкача айтканда 2 миллиард 885,7 миллион сомго сунуш кылат. Алар Жалын кенинен (Казакстандын Караганды көмүрү) "Г" маркасындагы көмүрдү берүүгө ниеттенүүдө.

Эскерте кетсек, бул сандар салыктарды камтыбайт. Салыктар менен айырма 39 миллион сомду түзөт.

Буга чейин редакция өздүк булактар ​​берген документтерге таянып, Кыргызстанга көмүр жеткирүү боюнча бир нече компаниялар коммерциялык сунуштарын жибергенин маалымдаган. Бирок башка компаниялар 3-5 долларга чейин арзанырак болуп турганда, "Каражыра" ААК тоннасын тендерсиз 68,5 доллардан сунуштаган.

Редакциянын өздүк булагы Энергетика министрлигиндеги кызмат адамдар дал ушул компанияга лобби кылып жатканын билдирди. Жыйынтыгында тендерге ал ишкана катышкан эмес.

Түшүндүрмө

Бишкек ЖЭБи Кыргызстандын түндүгүндөгү электр энергиясын өндүрүүнүн бирден-бир негизги булагы болуп саналат. Кышта станция суткасына максималдуу 11 млн кВт саатка чейин электр энергиясын иштеп чыгып, керектөөнүн 1/10 бөлүгүн жабат.

ЖЭБ ошондой эле шаардыктар үчүн жылуулук энергиясын, ысык сууну жана өнөр жай үчүн бууну чыгарат.

Ишкана "Электр станциялары" ААКтын курамына кирет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11992