Депутаттар кыргызстандыктарга букмекердик кеңселерге барууга уруксат берүүнү сунушташты
RU

Депутаттар кыргызстандыктарга букмекердик кеңселерге барууга уруксат берүүнү сунушташты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутаттар Шайлообек Атазов менен Арсланбек Малиев кыргызстандыктарга букмекердик кеңселерге барууга уруксат берүүнү сунушташты (азыр аларга уруксат бар, бирок КР жарандарына кирүүгө тыюу салынган). Мындай демилгени депутаттар Шайлообек Атазов менен Арсланбек Малиев көтөрүп, коомдук талкууга коюшту.

Эл өкүлдөрүнүн айтымында, 2015-жылы киргизилген букмекердик оюнга тыюу салуу өлкөнү миллиарддаган сомдон, миңдеген жумуш орундарынан ажыратты. Тыюу букмекердик контораларды көмүскө иш кылууга гана алып келди, дешет мыйзам долбоорунун авторлору.

"Бул азарттык оюн эмес, катышуучулардын ортосунда мелдеш (пари) болот. Алар оюндун жыйынтыгына таасир эте албайт. Башкача айтканда, букмекердик кеңселер менен спорттук оюндарга коюлган ставка интеллектуалдык оюн болуп саналат", - дешет алар.

Атазов менен Малиев ошондой эле букмекердик конторалар кирешесинин 2 пайызын Кыргызстандын спортун өнүктүрүү боюнча атайын фондго чегерип туруу сунуштап жатышат. Себеби, азыр мамлекет спортту арткан акчанын негизинде эле каржылап келет деп нааразы болушту.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11993