Кыргызстандын хоккей боюнча кыз-келиндер курамасы эл аралык турнирде биринчи жеңишке жетти
RU

Кыргызстандын хоккей боюнча кыз-келиндер курамасы эл аралык турнирде биринчи жеңишке жетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын хоккей боюнча кыз-келиндер курама командасы биринчи жолу IIHF алкагындагы эл аралык турнирге катышып, Кувейт курамасын жеңип, алгачкы жеңишине жетишкен.

Спорттун аталган түрү боюнча федерациядан билдиришкендей, бул укмуштуудай жетишкендик жана Кыргызстандын аялдар хоккейинин тарыхында жаңы баракты ачты.

"Бул тажрыйба биздин спортчулар үчүн жаңы бийиктиктерге жетүүгө чыныгы мотивация болсун. Хоккей боюнча аялдар курама командабызды эл аралык аренадагы алгачкы жеңиши менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!", - деп айтылат билдирүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11998