"Ош базарынын" соодагерлери мэриянын алдында товарларын жайып отурушту
RU

"Ош базарынын" соодагерлери мэриянын алдында товарларын жайып отурушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Ош базарынын" соодагерлери бүгүн, 3-майда Бишкек мэриясынын алдына чогулушту. Акцияга чыккандар баш аламан соода жүргүзгөндөргө каршылыгын айтып чыгышты.

Соода жерлерин ижарага алып иштеткендер Kaktus.media сайтына "мэр базардын айланасындагы баш аламан соода жүргүзгөндөр менен күрөшпөйт" дешет.

"Биз атайын ушундай акция уюштуруп, бул маселеге көңүл бурдуруу максатын көздөдүк", - дешет мэриянын короосуна товарларын жайып алгандар.

Көп өтпөй акция болуп жаткан жерге милиция кызматкерлери келип, катышуучуларды Ленин РИИБине "түшүндүрүү иштерин" жүргүзүү үчүн алып кетишти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12000