Блогер 40 миң доллар талап кылганга шектелүүдө. Кармоо учурундагы видео
RU

Блогер 40 миң доллар талап кылганга шектелүүдө. Кармоо учурундагы видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Аламүдүндө опузалап акча талап кылганга шектелип блогер кармалды. Чүй ОИИББден билдиришкендей, шектүү жалпысынан 40 миң доллар талап кылган.

Милицияга 18-апрелде 76 жаштагы адам кайрылып, блогерге карата чара көрүүнү өтүнгөн. Арыз ээси апрель айынын башынан бери блогер 40 миң доллар талап кылып, болбосо видеону жарыялайм деп коркутуп жүргөнүн белгилеген. Блогер 37,3 миң доллар алганын, бирок акча талап кылууну улантканын кошумчалаган.

Аталган факты боюнча 208-берене (опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары 1990-жылы туулган Б.У. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү социалдык тармактарда коррупцияга каршы күрөш, транспорт каражаттарын техникалык кароо боюнча материалдарды активдүү жарыялап келгени белгилүү болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12004