Айзада Канатбекованы ала качкан жаран 6 жыл түрмөдө отурган, деген маалымат текшерилүүдө
RU

Айзада Канатбекованы ала качкан жаран 6 жыл түрмөдө отурган, деген маалымат текшерилүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Айзада Канатбекованы алаы качып өлтүрүп, андан кийин өз жанын кыйган Замирбек Теңизбев тоноочулукка шектелип соттолгон. Бул маалыматты Бишкек ШИИББинин жетекчиси билдирди.

"Замирбектин Теңизбаевдин өздүгү боюнча маалымат такталып жатат. Анын бир тууганы берген маалыматка ылайык, ал Россия Федерациясынан 2017-жылы келген. Россияда талап-тоноочулукка шектелип, 6 жарым жыл түрмогө отуруп чыккан. Үй бүлөсү, эки баласы бар болчу. Бирок бул маалымат азырынча текшерилип жатат", - деди ал.

"Кыргызстанга келип унаасы менен киши ташып иштеп жүрчү. Акаркы бир-эки айдан бери машинесинде эле жашап калган өңдөнөт. Анткени, багажникте кийимдери салынган сумкасы бар экен", - деп Бишкек ШИИББинин жетекчиси маалымат жыйынында айтты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1200