Жаңы машыктуруучу Таркович Кыргызстандын курамасына футболчуларды чогулта баштады
RU

Жаңы машыктуруучу Таркович Кыргызстандын курамасына футболчуларды чогулта баштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович "Илбирс" менен "Алга" клубдарынын беттешине барды. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Таркович алдыда дагы өлкө курамасына футболчуларды тандоо үчүн калган командалардын оюнуна кароо жүргүзөт.

Белгилей кетсек, өткөн айда Штефан Таркович Кыргызстандын футбол боюнча курамасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12014