Финансы рыногун жөнгө салуу мамлекеттик кызматына жаңы жетекчи дайындалды
RU

Финансы рыногун жөнгө салуу мамлекеттик кызматына жаңы жетекчи дайындалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Марат Пирназаров Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын жаңы жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Анын талапкерлигин экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев сунуштап, 3-майда министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров аны дайындоо боюнча жарлыкка кол койду.

Пирназаров бир катар кызматтарда, каржы рыногун жөнгө тармагында иштеген. 2020-жылы "Унаа" мамлекеттик ишканасын жетектеп, 2021-жылы Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын жетекчисинин орун басары болгон.

Аталган кызматтын мурдагы жетекчиси Улан Сарбанов Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын башчысы болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12032