Соң-Көл жайлоосуна кетип, дайынсыз болуп жаткан канадалык туристтер куткарылды
RU

Соң-Көл жайлоосуна кетип, дайынсыз болуп жаткан канадалык туристтер куткарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Соң-Көл жайлоосуна кетип, байланышка чыкпай калган канадалыктар аман-эсен куткарылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, алар жергиликтүү эки тургун менен кошо жайлоого бармакчы болушкан.

30-апрелде канадалык J.Н., E. Z. жана кыргызстандык Ш.Т., Т.Т. аттуу жарандар Соң-Көл жайлоосунан Молдонун-Бели ашуусу аркылуу Ак-Талаа районуна Toyota Sequoia үлгүсүндөгү унаа менен кетип, байланышка чыкпай дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Издөө иштерин жүргүзүү үчүн 4 куткаруучу унаасы менен жана туугандарынан 1 адам тартылган.

Жогоруда аталган жарандар Соң-Көл жайлоосунан аман-эсен табылып, унаасы карга тыгылып калгандыгы аныкталган. Абалдары туруктуу. Куткаруучулар тыгылып калган унааны чыгарып беришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12034