Депутат Чүйдө айыл аймактын аял кызматкери сабалганын айтып чыкты
RU

Депутат Чүйдө айыл аймактын аял кызматкери сабалганын айтып чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусунун Беловодск айыл аймагынын аял кызматкери сабалган. Мындай маалыматты депутат Винера Раимбачаева 4-майда парламент жыйынында айтты.

Айтымында, Беловодск айыл округунда мыйзам бузуулар болуп жатат.

"Жер маселеси боюнча мыйзам бузуулар болуп жатыптыр, бул тууралуу мага жарандар кайрылып айтышты. 4-5 монополисттер миңдеген гектар жерди алып, салыктарды толугу менен төлөбөйт экен. Айыл аймакта иштеген 1 аялды уруп коюшуптур, денелери көгала экен. Ал дагы ушул маселени көтөрүптүр. Бул кандай көрүнүш? Аялды эмнеге урушу керек?", - деп нааразы болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12037