Ошто "Ынтымак" телеканалынын кызматкери сабалып, реанимацияга түштү. Окуянын чоо-жайы
RU

Ошто "Ынтымак" телеканалынын кызматкери сабалып, реанимацияга түштү. Окуянын чоо-жайы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто "Ынтымак" телеканалынын алып баруучусу сабалып, жабырлануучу реанимацияда экени айтылды. Кызматкердин кесиптеши Facebook баракчасына жазган билдирүүдө сабагандар "Эмаком" курулуш компаниясынын кызматкерлери.

Ош ШИИБден Kaktus.kg сайтына алып баруучу сабалганын ырастап, чоо-жайын айтып беришти.

Окуя 3-май күнү болжол менен саат 18:00 чамасында Ош шаарынын Ашимахунов-26 дарегинде жайгашкан "Эмаком" курулуш компаниясы таабынан курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн жанында болгон. Анда аталган компаниянын 23 жаштагы Б.Т. аттуу өкүлү менен ошол көчөнүн жашоочусу Т. уулу Т`нын ортосунда пикир келишпестик жаралып, Б.Т. күч колдонуп, Т. уулу Тны көтөрүп чапкан. Анын кесепетинен Т. денесинен оор жаракат алып, Ош шаардык ооруканасынын реанимация бөлүмүнө жеткирилген.

Окуя Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүндө катталып, "бейбаштык" беренеси менен иш козголгон. Жабырлануучунун жаратын аныктаган соттук-медициналык экспертизадан соң, анын жыйынтыгы менен тергөө тарабынан кошумча беренелер коюлат.

Шектүү Б.Т. Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына 48 саатка киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12038