Баш мыйзамдын кабыл алынганына 30 жыл. Эртең салтанаттуу иш-чара өтөт
RU

Баш мыйзамдын кабыл алынганына 30 жыл. Эртең салтанаттуу иш-чара өтөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эртең, 5-майда Кыргыз республикасынын Конституциясынын кабыл алынганына 30 жыл болот. Бул күнгө карата салтанаттуу иш-чара өтүп, ага өлкө башчы Садыр Жапаров катышат.

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев белгилегендей, иш-чара УТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын эфиринде, социалдык тармактын баракчаларында түз көрсөтүлөт.

Түз эфир 10:00дө башталат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12039