Мэр Бишкектеги сейил бактарда ажатканаларды курууга бир ай убакыт берди
RU

Мэр Бишкектеги сейил бактарда ажатканаларды курууга бир ай убакыт берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаардык мэриясында мэр Эмилбек Абдыкадыровдун төрагалыгы алдында пландоо жыйын өттү. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жыйында вице-мэр Мурат Осмоновго сейил бактарга ажатканаларды курууну бир айдын ичинде бүтүрүү тапшырмасы берилди.

"Райондун акимдерине курулуш компаниялары менен биргеликте таштандыларды өзүнчө чогултуу үчүн аянтчаларды уюштуруу тапшырмасы берилди", - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле пландоо жыйынында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгын майрамдоого даярдыктар жана "Бишкекасфальтсервис" МИнин ишмердүүлүгү талкууланды.

Мындан тышкары, жыйындын жыйынтыгында мэр "Бишкекжылуулук" ишканасына жер казуу иштерин ыкчам жүргүзүүнү тапшырды. Ал эми "Бишкекбашкырхитектура" мамлекеттик мекемеси - Аламүдүн, Ала-Арча жана БЧКнын жээктерин жакшыртуу боюнча долбоордун даярдоону тапшырды.

"Бардык шаардык кызматтарга 2023-жылга карата иштердин тизмелерин бекитүүнү тездетүү тапшырылды", - деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12040