ФИФАнын башчысы Кыргызстандын футбол союзунун жаңы имаратын ачты
RU

ФИФАнын башчысы Кыргызстандын футбол союзунун жаңы имаратын ачты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

5-майда президент Садыр Жапаров Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) жетекчиси Жанни Инфантино менен Кыргызстандын футбол союзунун жаңы административдик имаратын ачышты.

Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө мамлекет башчысы футбол Кыргызстанда массалык спорттун түрү эмес, эң популярдуу спорт түрү экенин белгиледи.

"Ата мекендик футбол өнүгүп, чоң максаттарды коюп жатат. Албетте, бул жерде ФИФАнын колдоосу да маанилүү. ФИФА менен биргеликте бүгүн Кыргызстандын футбол союзунун имаратын ачып жатабыз, бул колдоонун ачык далили", - деди Жапаров.

Ал бала кезинен бери футбол ойноп келерин, ошондой эле футбол дүйнөсүндөгү окуяларга чоң кызыгуу менен көз салып турганын белгиледи.

Өз кезегинде Инфантино бүгүн келечектин күнү экенин айтты. Анын айтымында, 5-майда Кыргызстандын футбол тарыхынын жаңы барагы ачылып жатат деди ФИФА президенти.

"Кыргызстан жаш өлкө, бирок бай тарыхы жана маданияты бар өлкө. Кыргызстанда сыймыктана турган жаш таланттар көп", - деди ФИФА президенти.

Ал дүйнөлүк футбол федерациясы Кыргызстандагы ар кандай иш-чараларга, анын ичинде ар бир адам сыймыктана турган жаңы улуттук стадиондун ачылышына катышууга даяр экенин кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12070