Ошто чет элдик студент каза болду
RU

Ошто чет элдик студент каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарында 2001-жылы туулган Индиянын жараны О.Ч. каза болду.

Шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн, 5-майда саат 16:00дөр чамасында ОшМУнун медицина факультетинин 4-курсунун студенти Курманжан Датка кичи районундагы үйлөрдүн биринин 6-кабатынын терезесинен кулап кеткен.

Белгиленгендей, кырсык болгон учурда батирде аны менен чогуу жашаган жана зыяратка келген жердештери болгон.

Бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүп, экспертизалар дайындалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12073