Айдоочуларга жетпей таштандыга ыргытылган "Бакыт каттары". Компаниянын комментарийи
RU

Айдоочуларга жетпей таштандыга ыргытылган "Бакыт каттары". Компаниянын комментарийи

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин тургуну "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында жол эрежесин бузгандарга айып салынган конверттерди таап алды. Шаар тургуну Kaktus.media сайтынын Call-борборуна билдиргендей, конверттер салынган баштыкты 12-кичи райондогу калкты тейлөө борборунун жанындагы таштанды челектеринин жанынан таап алган.

"Конверттерди ким ыргытканын билбейм. Айып кагаздарын дарегине жеткирип берсе жакшы болмок. Таштанды ыргытайын деп чыккам, карасам конверттер жатат. Кийин айып пул төлөгөн эмесиң деп айдоочуну токтотуп, унаа айып короосуна киргизилет. Ошондо далилдеп көр", - деди ал.

Ал конверттерди узак дем алыштан кийин милицияга алып бармакчы болгонун кошумчалады.

Бул билдирүүдөн кийин айып каттарын жеткирген "Аманат Транс ЛТД" ЖЧКсынын жетекчиси Рустамбек Абдыкадыров Kaktus.media сайтына конверттерди мыйзам бузгандарга жеткирбеген курьер табылып, айып пул салынганын билдирди.

Курьер студент болгон, аны менен батирде чогуу жашаган достору конверттерди таштанды экен деп ыргытып жибергенин айткан.

"Алдын ала 80 конверт жоголду деп эсептелинип, биз аны Ысык-Ата районундагы Милянфан айылынын тургундарына жеткирип беришибиз керек болчу. Айдоочулар кабатыр болбосун: 30 пайыздык айып пул жазылган күндөн эмес, кат келген күндөн тартып эсептелет", - деди Абдыкадыров.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12076