Ошто чет элдик студенттин 6-кабаттан кулап түшкөн жеринен видео
RU

Ошто чет элдик студенттин 6-кабаттан кулап түшкөн жеринен видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто индиялык студенттин өлүмү боюнча анын кошуналары суракка алынууда. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдирет.

Белгилесек, 5-майда саат 16:00 чамасында ОшМУнун медицина факультетинин 4-курсунун 22 жаштагы студенти Курманжан Датка кичи районундагы үйдүн 6-кабатынан кулап, каза болгон. Ал батирдин терезесинен кулап кеткен.

Окуя болгон учурда батирде беш бала жана үч кыз болгон.

"Алардын эч кимиси спирт ичимдигин ичкен эмес. Баары суракка алынды. Алардын айтымында, маркум токтоо эле. Учурда бардык экспертизалар дайындалды. Коңшуларын жана мугалимдерди суракка алуу улантылууда", - дешет милициядан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12083