Лейлек районунда аскер кызматкерлери менен жергиликтүү тургундардын ортосунда жаңжал чыкты
RU

Лейлек районунда аскер кызматкерлери менен жергиликтүү тургундардын ортосунда жаңжал чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

6-майдан 7-майга караган түнү Баткен облусунун Лейлек районунун Мурас (Маргун) айылында аскер кызматкерлери менен жергиликтүү тургундардын ортосунда мушташ чыккан. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарындагы булак билдирди.

Алдын ала маалыматтарга караганда, жаңжал бул бөлүккө жакында эле которулган офицер менен ушул айылдык жоокердин ортосунда болгон. Жаңжалдын себептери айтыла элек. Айылдаштары жоокер тарапка өтүп, айрым аскер кызматкерлери офицер тарапка өтүшкөн. Мушташка 100гө жакын адам катышканы белгилүү.

Учурда окуянын чоо-жайын Аскердик прокуратура иликтеп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12089