Президенттик оркестрдин артисттери кызматтан кетишти. Эрнис Асаналиев кайрылуу жасады
RU

Президенттик оркестрдин артисттери кызматтан кетишти. Эрнис Асаналиев кайрылуу жасады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Манас" президенттик камералык оркестринин негизги мүчөлөрү, көркөм жетекчиси жана дирижёру Эрнис Асаналиев менен бирге кызматтан кетти.

Эрнис Асаналиев коомчулукка расмий кайрылуу жасады. Ал белгилегендей, өз угарманына концерттердин убактылуу токтотулгандыгы тууралуу билдирүүнү өзүнүн милдети деп эсептейт.

"Урматтуу угармандарга азырынча эч кандай концерттер болбой турганын билдирүүнү милдетим деп эсептейм. Бирок алар сөзсүз болот, анткени биз маданиятты, жарыкты алып келебиз жана алар биздин аткаруубузда сөзсүз түрдө силердин жүрөгүңөргө жетет. Кантип жана качан болот, алдыда кошумча маалымдалат", - деди Асаналиев.

Көркөм жетекчинин айтымында, оркестрдик команда администрация менен пикир келишпестиктен улам отставкага кетүүгө аргасыз болгон. Себеби, чыгармачыл адамдар адам чыдагыс шарттарда иштеди.

Асаналиев белгилегендей, оркестр түзүлгөн 20 жылдын ичинде профессионалдык жактан абдан өстү.

"Көбүнчө менин шакирттерим "Манас" оркестринде ойношот, алар менен сыймыктанам. Бизди алдыда чыгармачылык узун жол жана баарыңар сөзсүз көрө турган, уга турган көптөгөн жаркын концерттер күтүп турат деп ишенем. Ошондуктан биз коштошпойбуз. Биз жөн гана кырдаалга байланыштуу иш-аракетибизди убактылуу токтотуп жатабыз. Жакында көрүшкөнчө", - деп дирижёр өзүнүн угармандарына кайрылды.

Эске салсак, Эрнис Асаналиев 2001-жылы өзү түзгөн "Манас" президенттик камералык оркестринин негиздөөчүсү, көркөм жетекчиси жана дирижёру. Ошондой эле КРнын Эл артисти наамына ээ, эл аралык сынактардын лауреаты жана Кыргыз улуттук консерваториясынын доценти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12090