Кыргызстандын тышкы карызы өсүүдө. Бир жылдын ичинде ал 192,5 миллион долларга көбөйгөн
RU

Кыргызстандын тышкы карызы өсүүдө. Бир жылдын ичинде ал 192,5 миллион долларга көбөйгөн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын тышкы карызы 2023-жылдын 28-февралына карата 4,4 миллиард долларды түздү. Бул тууралуу Каржы министрлиги жарыялаган маалыматта айтылат.

2022-жылдын 28-февралына салыштырмалуу республиканын тышкы карызы 4,4%га же 192,5 млн долларга көбөйгөн, ошол эле учурда 2023-жылдын февраль айында өткөн айга салыштырмалуу 26,3 млн долларга азайган.

Эске салсак, тышкы карыздын басымдуу бөлүгү, анын жалпы суммасынын 89%ы алты гана кредиторго туура келет - булар Кытайдын Экспорттук-импорттук банкы, Азия өнүктүрүү банкы, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы, Эл аралык валюта фонду, Япониянын эл аралык кызматташуу агенттиги жана Ислам өнүктүрүү банкы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12091