Америкалык эксперт: Кыргызстан Кытайга "жок" деп айтканды үйрөнүшү керек
RU

Америкалык эксперт: Кыргызстан Кытайга "жок" деп айтканды үйрөнүшү керек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстан анда-санда Кытайга "жок" деп айтканды үйрөнүшү керек. Мындай пикирин журналисттер менен жолугушууда Вудро Вильсон борборунун алдындагы АКШ жана Кытай боюнча Г.Киссинджер институтунун директору Роберт Дали билдирген.

Ал белгилегендей, учурда АКШ менен Кытай согуштук абалда, бирок башка өлкөлөр азыркы кырдаалдан пайда көрүшү керек.

"Батыш менен Кытайдын тирешинен аймактык өлкөлөр кандайдыр бир пайда көрө алабы деген суроо жаралат. Батыштын силерди Кытай менен Россияга жакын болуп калабы деп коркконунан, ал эми Кытай менен Россия силерди Батыш менен жакындашып калабы деп коркконунан пайдалана алышабы? Мамлекеттердир бул тең салмактуулукту сактап, андан өздөрүнө пайда табуу мүмкүнчүлүгү барбы деген суроо турат", - деди эксперт.

Роберт Далинин айтымында, мындай көп векторлуу мүнөз ири өлкөлөрдүн эң жаман "инстинкттеринин" көрүнүштөрүн ооздуктоого мүмкүндүк берет.

"Эгер бул мамилелерди тең салмактагыңыз келсе, анда Кытайга кээде "жок" деп айтууга үйрөнүп баштасаңыз, Кыргызстан үчүн эң жакшы жол болмок. Эгер Литва менен Вьетнам ушинте алса, анда Кыргызстан сөзсүз "жок" дей алат", - деп кошумчалады ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12096