Бишкекте фармацевтикалык компаниянын директору менен эсепчиси кармалды
RU

Бишкекте фармацевтикалык компаниянын директору менен эсепчиси кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкөдө фармацевтикалык компанияга кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдоо беренеси менен иш козголду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлады.

Кыргызстандын аймагында экономикалык иш жүргүзгөн фармкомпания дарыканаларда дары-дармектердин айрым түрлөрүн сатышкан. Дары-дармектерди сатуудан түшкөн акча жашырылып, мындай операциялар бухгалтердик эсепке алынган эмес.

Чогултулган материалдардын негизинде ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан 222-берененин 3-бөлүгүндө "Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)" каралган кылмыштын белгилери менен иш козголгон.

Текшерүүнүн жүрүшүндө:

  • Компаниянын башкы кеңсеси Азербайжанда жайгашкан, ошондой эле бир нече филиалдары жана медициналык клиникалары бар экендиги аныкталган.
  • "RV" жана "RO" жоопкерчилиги чектелген коомдорунун филиалдары Кыргызстандын аймагында 2018-жылы катталган.
  • Ишмердүүлүгүнүн түрү - фармацевтикалык товарларды дүң баада сатуу.
  • Негиздөөчүсү жана жетекчиси 1987-жылы туулган Азербайжандын А.Э. аттуу жараны.

Жогоруда аталган фармацевтикалык компаниянын өкүлдөрү менен дарыгерлердин ортосунда макулдашуу болгондугу тууралуу маалыматтар бар. Алар бейтаптарды "жогоруда аталган фирмалардын" дары-дармектерин сатып алууга ынандырышкан. Дарыгерлер сатылган дары-дармектердин наркынан "пайыздарды" алып келгендиги аныкталган.

Ички иштер органдары тарабынан көрсөтүлгөн даректер боюнча тинтүү жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө бухгалтердик жана финансылык документтер, жок кылууга даярдалган тытылган каржылык документтер, мөөрлөр, ноутбуктар, компьютерлер жана дары-дармектер аныкталды. Тергөөнүн жүрүшүндө "RO" жана "RO" ЖЧКнын директору А.Э., аталган фирманын бухгалтери 1960-жылы туулган Ц.Л. кармалып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан айыпталуучуларга карата 1 айлык мөөнөткө камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасы тандалган. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Фармацевтикалык компаниянын мындай аракеттери өлкөнүн калкынын ден-соолугуна түздөн-түз коркунуч туудурарын, ошондой эле мамлекеттин экономикалык коопсуздугуна доо кетирерин белгилешти ИИМден.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12097