Коргоо министрлигинин офицерлери баңгизат сатууга шектелди. Кармоо учурунда атышуу болгон
RU

Коргоо министрлигинин офицерлери баңгизат сатууга шектелди. Кармоо учурунда атышуу болгон

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын Коргоо министрлигинин эки кызматкери баңгизатын сатып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Алардын маалыматы боюнча, 6-майга караган түнү баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматтын кызматкерлери Абадан коргонуу күчтөрүнүн аскер бөлүгүнүн эки кызматкерин синтетикалык баңгизатын саткан деген шек менен кармашкан.

Алдын ала маалыматтарга караганда, алардан 4 килограмм мефедрон алынган.

Маалым болгондой, абадан коргонуу күчтөрүнүн офицерлери качууга аракет кылып, ыкчам кызматкерлер тарабынан курал колдонулуп, аскер кызматкерлери да жооп иретинде ок чыгарган, бирок каршылыкка карабай колго түшүрүлгөн.

Кармалгандардын бири Абадан коргонуу күчтөрүнүн аскер бөлүгүнүн суу боюнча борт башчысы, экинчи офицер ошол эле аскер бөлүктүн техникалык жабдуу боюнча жетекчисинин орун басары. Экөө тең улук лейтенант.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту аларды СИЗО-1ге эки айга камакка алды.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12102