Президент Садыр Жапаров өлкөдө эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу милдетин койду
kaktus.kg

Президент Садыр Жапаров өлкөдө эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу милдетин койду

257  0

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-апрелде, учурда өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал боюнча ыкчам жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин маалымат бөлүмү билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, кеңешмеге өлкөнүн бардык облустарынан саламаттыктык сактоонун аймактык мекемелеринин жетекчилери катышты. Республикадагы азыркы күндөгү эпидемиологиялык кырдаал жана аны жакшыртуу, турукташтыруу боюнча зарыл чаралар талкууланды.

Медициналык мекемелердин жетекчилери коронавирус инфекциясы пандемиясынын мүмкүн болгон үчүнчү толкунуна даярдыгы, керектүү дары-дармектер жана жеке коргоочу каражаттар менен камсыз кылынгандыгы жөнүндө маалымат беришти.

Президент Садыр Жапаров медициналык мекемелерди дары-дармектердин запасы менен жетиштүү камсыздоо жана аларга кошумча койко-орундарды уюштуруу милдетин койду.

Мамлекет башчысы ошондой эле коронавирус инфекциясын жуктурган учурларды эрте аныктоо боюнча иштерди күчөтүүгө көңүл буруп, тест-системалардын кошумча партияларын сатып алуу маселесин тезинен карап чыгуу зарылдыгын баса белгиледи.

Кеңешменин жыйынтыгында коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына каршы күрөшүү жана өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды жакшыртуу боюнча конкреттүү сунуштамалар менен тапшырмалар берилди, деп билдирүүдө жазылган.

Тема барбы? Kaktus.media'га жазыңыз: +996 (700) 62 07 60 (Бишкек) , +996 (558) 77 88 11 (Ош)
URL: https://kaktus.kg/1210Шилтемени көчүрүү
Комментарийлер
дефолтная аватарка юзера
Колдонуучулардын комментарийлери модератор текшергенден кийин гана сайтка чыгат.
Комментарий калтыруунун шарттары
Биздин сайтта болбойт:
  • бирөө жарымды кемсинтүү
  • анын ичинде комментаторлорду дагы
  • кимге болбосун коркутуп-опузалоого
  • анын ичинде "сүйлөшүү үчүн жолугушууга"
  • далили жок же күбөлөрдүн көрсөтмөсү жок компромат маалыматты жарыялоого
  • КРдин мыйзамына каршы чыккан комментарийлерди жарыялоого
  • транслит менен комментарий жарыялоого
  • баш тамга менен комментарий жазууга
  • башкалардын аброюна, улутуна, динине шек келтирүүчү комментарийлерди жазууга
  • бир жаңылыктын алдында ар башка ник менен комментарий калтырууга
  • Ник катары "Кактус", "kaktus", "kaktus.kg" дегеле интернет басылманын атынан айтылып жаткандыгын көрсөтүүчү ушул өңдүү сөз айкаштарды колдонууга
  • материалдын маанисине дал келбеген комментарийлерди калтырууга
  • ник катары башка реалдуу адамдын аты-жөнүн колдонууга
  • башка сайттардын шитемелерин жана гиппершилтемелерин көрсөтүүгө Комментарийлер (анын ичинде никтер дагы) үч тилдин биринде гана жазылышы мүмкүн: мамлекеттик (кыргыз), расмий (орус) же эл аралык (англис).
  • Жогоруда аталган тилдерди бир комментарийде бир эле учурда колдонууга уруксат берилет.
ӨЙДӨ  
АРТКА