Кубанычын жашырбай… Садыр Жапаров менен Путиндин жолугушуусу болду
RU

Кубанычын жашырбай… Садыр Жапаров менен Путиндин жолугушуусу болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров Россиянын президенти Владимир Путин менен бүгүн, 8-майда жолугушту. Президенттин администрациясынан билдиришкендей, жолугушууда кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, биргелешкен күн тартибиндеги бардык маселелер боюнча өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды.

Владимир Путин Садыр Жапаровдун расмий сапары Жеңиш майрамынын алдында өтүп жатканы өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи. Ал Улуу Ата Мекендик согушта 360 миң кыргызстандык фронтко аттанып, жарымынан көбү кайтпай калганын эске салды.

Ошондой эле Путин өлкөлөр ортосундагы кызматташтык азыр өсүү жолунда экенин, буга акыркы бир жылда товар жүгүртүүнүн 37 пайызга өсүүсү далил экенин белгиледи.

Ошону менен бирге Россия Кыргызстан үчүн түз капитал салуу боюнча эң ири инвестор экенине токтолуп, бул тенденция күч ала тургандыгына ишеним билдирди.

Садыр Жапаров өз кезегинде Владимир Путинге Россия Федерациясына расмий сапар менен келүүгө чакыргандыгы жана жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал Улуу Жеңиштин 78 жылдыгынын алдында Москвада өзгөчө кубаныч сезими менен болгонун белгиледи.

Бүгүн эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулоого жана эки мамлекеттин кызыкчылыгында кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүгүн, союздаштыгын мындан ары өнүктүрүү боюнча кеңири пикир алмашуу үчүн жакшы мүмкүнчүлүк экенин баса белгиледи.

Өлкө лидерлери өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө биргелешкен диалогду улантууну макулдашышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12112