Кыргызстан Россияга эл аралык маселелер боюнча ачык позициясын билдирди
RU

Кыргызстан Россияга эл аралык маселелер боюнча ачык позициясын билдирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Садыр Жапаровдун Россияга болгон расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча комментарий берди. Комментарий жазылган видеону президенттик администрация тараткан.

Кулубаевдин айтымында, эки президенттин Москвадагы кеңейтилген жана тар жолугушууларында саясий кызматташтык талкууланган.

"Алар Кыргызстан менен Россиянын ортосунда эч кандай саясий карама-каршылык жок деген пикирге келишти", - деди Кулубаев.

Ал ошондой эле негизги сүйлөшүү соода-экономикалык мамилелер тууралуу болгонун айтты.

"Орус тарапты көптөгөн долбоорлор кызыктырды. Бул ири ГЭСтерди куруу, Кыргызстандын ичинде темир жол жана эл аралык линия куруу жана башка алар катышып, инвестиция сала турган долбоорлор", - деди ал.

Эки тарап да эл аралык көйгөйлөрдү талкуулашты.

"Биз так позициябызды билдирдик. Орус тарап муну оң кабыл алып, бул суверендүү өлкөнүн позициясы экенин айтты", - деди Тышкы иштер министри.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12119