Криминалдык милиция Айзаданы ала качууга катышкан дагы бир шектелүүчүнү кармашты
RU

Криминалдык милиция Айзаданы ала качууга катышкан дагы бир шектелүүчүнү кармашты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жүргүзүлүп жаткан тергөө иштеринин жана иликтөө иш чараларынын алкагында Бишкек ШИИБсинин криминалдык полициясынын ыкчам иштөө кызматкерлери борбор шаардын аймагынан Канатбекова Айзаданы ала качууга катышкан дагы бир шектелүүчүнү камакка алышты. Шектелүүчү 1989-жылы туулган З.Р. Бишкек ШИИБсинин убактылуу кармоочу жайына жеткирилди.

Учурда калган шектелүүчүлөрду аныктоо боюнча тергөо иштери улантылууда. Бардык иликтөө иштер Кыргыз Республикасынын мыйзам чегинде жүрөт, деп ШИИБнин басма сөз кызматы кабарлады.

Эске салсак, 5-апрелде Бишкекте үч эркек киши 27-жаштагы Айзада Канатбекованы ала качып кетишкен. 7-апрелде анын жана аны ала качкан Замир Теңизбаевдин сөөктөрү Бишкектен алыс эмес Арашан жана Чокморов айылдарынын ортосундагы талаадан табылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1211