Жапаров Москвадагы парадга Кыргызстандын желегинин түсүндөгү лента менен барды
RU

Жапаров Москвадагы парадга Кыргызстандын желегинин түсүндөгү лента менен барды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров Москвадагы Жеңиш парадына катышты. Парад башталар алдында Кремлде Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Россия президенттери менен Армениянын премьер-министринин бейформал жолугушуусу болду.

Садыр Жапаров Кыргызстандын желегинин түсүндөгү лентаны тагынды. Өзбекстан менен Беларустун президенттери да өз өлкөлөрүнүн желеги катары стилдештирилген ленталарды тагышты. Казакстандын, Армениянын, Түркмөнстандын башчылары эч кандай лента жок келишкен.

Тажикстан менен Россиянын президенттери Георгий лентасын тагынышкан.

Трибуналарда президенттер ардагерлердин жанына отурушту.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12121