Президенттердин Кремлдеги бейформал тамактануусуна Садыр Жапаров катышкан жок. Эмнеге?
RU

Президенттердин Кремлдеги бейформал тамактануусуна Садыр Жапаров катышкан жок. Эмнеге?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кызыл аянттагы Жеңиш парадынан кийин Кремлде КМШ мамлекет башчыларынын бейформал эртең мененки тамактануусу болуп, анда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жок болгон. Муну россиялык басылмалар жарыялаган фото жана видеоматериалдар далилдейт.

Кызыл аянттагы парад Москва убактысы боюнча саат 10:00дө башталып, андан соң президенттер Александр бакчасындагы Белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүл коюп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскеришти. Буга чейин Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков мамлекет башчылары андан соң Владимир Путин менен бейформал эртең мененки тамакка катышарын билдирген.

Кремлге ыктаган маалымат каражаттары жарыялаган видеого караганда, Кремлде даярдалган дасторкон алты кишиге гана ылайыкташкан. Андан Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Армениянын лидерлерин гана көрүүгө болот.

Белгилей кетсек, эртең мененки тамакта Беларустун президенти Александр Лукашенко да болгон эмес. Беларус лидеринин иш-чарага келбей калышынын расмий себептери айтыла элек. Бирок беларусь саясат таануучу Дмитрий Болкунец өзүнүн Telegram-каналында "Лукашенко ден соолугуна байланыштуу тамакка келе албай, Москвадан учуп кеткен" деп ырастады.

Kaktus.media сайты комментарий алуу үчүн президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаевге кайрылганда, ал параддан кийин Садыр Жапаров Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин менен сүйлөшүүгө барганын билдирди.

"Мурунку күнү кечинде президент Садыр Жапаров КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери үчүн бейформал сый тамакка катышты.

Кызыл аянттагы парад аяктагандын кийин Кыргызстандын делегациясы расмий иш сапарынын алкагындагы иш-чарага - Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин менен сүйлөшүүлөргө барды", - деди Эрбол Султанбаев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12129