Баткенде тинтүү жүргүзгөн кызматкерлерге кол салуу болуп, 2 милиция ооруканага түштү
RU

Баткенде тинтүү жүргүзгөн кызматкерлерге кол салуу болуп, 2 милиция ооруканага түштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткенде аткезчилик жүктөрдү жашырууга аракет кылган жарандар милиция менен УКМКнын кызматкерлерине кол салып, анын кесепетинен 2 милиция ооруканага түштү. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан редакцияга кабарлашты.

Белгилүү болгондой, 9-майда саат болжол менен 22:00 чамасында УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы жана Баткен ОИИБдин тергөө бөлүмү тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында Кара-Бак айылынын 34 жаштагы тургуну Ж.Днын үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн. Анда Ж.А., Д.Ж., Ж.Я. жана Ж.Ж. аттуу жарандар аткезчиликке шектелген жүктөрдү жашыруу максатында каршылык көрсөтүшүп, мыйзамдуу талаптарга баш ийбей, милиция менен коопсуздук кызматкерлерине кол салsшкан.

Анын кесепетинен 2 милиция кызматкери (О.Т. уулу жана Д.С. уулу) жаракат алышып, Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын сыныктар бөлүмүнө түшкөн.

Бул факты боюнча 374-берене менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары Д.Ж., Я.Ж. жана Ж.Ж. аттуу жарандар кармалып Баткен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдар такталууда.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: Sputnik.kg.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12137