Эртеңден баштап ысык суу берүү 1 айга токтотулат
RU

Эртеңден баштап ысык суу берүү 1 айга токтотулат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаардык мэриясы ысык суу бир айга өчөрүн кабарлады. Мекеменин маалыматына ылайык, ысык суу берүү 22-майдан 22-июнга чейин токтотулат.

Сууну өчүрүү боюнча тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.

Өчүрүү жыл сайын профилактикалык тейлөө үчүн жана жылуулук тармактарын, жылуулук керектөө системаларын жылытуу мезгилине сапаттуу жана өз убагында даярдоо максатында жүргүзүлөт.

"Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды суранабыз", - дешет мэриядан.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12138