"Кыял" базарынын бир катар кызматкерлери коррупцияга шектелип кармалды
RU

"Кыял" базарынын бир катар кызматкерлери коррупцияга шектелип кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Кыял" базарында соода орундарын мыйзамсыз сатуу жана ижарага берүү боюнча туруктуу коррупциялык схема аныкталды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлайт.

Коопсуздук комитети тарабынан тергөө жүргүзүлүп, "Кыял" мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдары жана жооптуу кызматкерлери базардагы ишкерлерден жана соодагерлерден системалуу түрдө мыйзамсыз акча чогултуу схемасын уюштургандыгы аныкталган.

Сот органдарынын чечиминин негизинде тинтүү иштери жүргүзүлүп, ижарага берүү үчүн мыйзамсыз акча чогултуунун далилдери табылып, ошондой эле "Кыял" ишканасынын коммерциялык-өндүрүштүк жайларын расмий каттоосуз 12 миң долларга мыйзамсыз сатуу фактылары аныкталган.

Кылмыш ишинин алкагында тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, келтирилген чыгымдын так суммасы аныкталууда.

Мындан сырткары соода жайларын жабдууда өрт коопсуздугунун талаптарын бузуу фактылары аныкталды. 2021-жылдын күз айларында өрт коопсуздугунун бузулушунан улам "Кыял" базарында өрт чыгып, жалпы өрттүн аянты 100 чарчы метрди түзүп, 17 павильон күйүп кеткен.

Чогулган далилдерди эске алуу менен "Кыял" базарынын директору А.Э.Э., базардын контролёрлору О.У.А., Н.ууулу Н. жана Ж.уулу А., ошондой эле аталган коррупциялык схемага тиешеси бар адамдар А.А.А. жана А.Э.М. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда коррупциянын башка көрүнүштөрүн, ошондой эле бул мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо боюнча зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, тиешелүү текшерүүлөр дайындалды.

Маалымат үчүн: "Кыял" мамлекеттик ишканасы президенттин аппаратына караштуу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12141