Садыр Жапаров банк кызматкерлерин майрамы менен куттуктады
RU

Садыр Жапаров банк кызматкерлерин майрамы менен куттуктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаровдун Банк кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Ал быйыл Кыргызстан улуттук валютанын - кыргыз сомунун колдонууга киргизилишинин 30 жылдыгы белгиленип жатканын айтып, улуттук валютаны киргизүү эгемендүү Кыргызстандын тарыхында маанилүү роль ойногонун белгиледи.

1993-жылы советтик мезгилден кийинки өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан биринчилерден болуп улуттук валютаны жүгүртүүгө чыгарып, өз алдынча акча-кредиттик саясат жүргүзүүгө өткөн.

"Улуттук валютаны киргизүү эгемендүү Кыргызстандын тарыхында маанилүү роль ойногон, улуттук төлөм жана банк тутумдарынын калыптанышына жана өнүгүшүнө негиз болгон", - деди ал.

Мамлекет башчы банк секторунун кызматкрелерини ата мекендик каржы рыногун эле эмес, бүтүндөй өлкө экономикасын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүп келе жатканын кошумчалады.

"Банк секторунун кызматкерлеринин ишине жасаган ак ниет жана кесипкөй мамилеси, алдыга коюлган максаттарга умтула билүүсү, ишке болгон жоопкерчилиги жана күчтүү жарандык аң-сезиминин аркасында өлкөбүздүн банк системасы жогорку көрсөткүчтөргө жетишип, ата мекендик каржы рыногун гана эмес, бүтүндөй өлкө экономикасын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүп келе жатат.

Ал эми учурдун талабын жана глобалдуу тенденцияларды эске ала турган болсок, банк тутумунун алдында инновациялык банктык өнүмдөрдү жана технологияларды киргизүү, банктык кызматтардын сапатын жакшыртуу жана аны калк арасында кеңири жайылтуу, туруктуу каржылоо принциптерин киргизүү, киберкоопсуздукту жогорулатуу милдеттери турат.

Биргелешкен аракет, ак кызмат жана мекенчилдик сезим менен жарандардын каржылык бакубаттуулугун, мамлекеттин финансылык туруктуулугун чыңдоо боюнча алдыга коюлган негизги максаттарыбыз ишке ашарына бекем ишенем.

Сиздерге бекем ден соолук, кажыбас кайрат, үй-бүлөлүк бакыт каалайм! Жоопкерчиликтүү ишиңиздерди ар дайым ийгиликтер коштосун!", - деп айтылат куттуктоодо.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12143