Эрдоган шайлоого саналуу күн калганда мамкызматкерлердин айлыгын көтөрөрүн билдирди
RU

Эрдоган шайлоого саналуу күн калганда мамкызматкерлердин айлыгын көтөрөрүн билдирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Режеп Тайип Эрдоган Түркиядагы президенттик шайлоого саналуу күн калганда мамлекеттик кызматкерлердин маянасы 45 пайызга жогорулай турганын айтты. Бул тууралуу түрк лидери Анкарадагы президенттик комплексте өлкөнүн профсоюздарынын өкүлдөрү катышкан салтанатта билдиргенин Anadolu жазып чыкты.

Эрдогандын айтымында, эми мамлекеттик кызматкерлердин минималдуу айлыгы 15 миң лираны түзөт.

"Биз эмгек акыны социалдык камсыздандыруу үлүшүн кошкондо 45%га жогорулатып жатабыз. Муну менен биз мамлекеттик кызматкерлердин эң төмөнкү маянасын айына 15 миң лирага (760 доллардан жогору) көтөрүп жатабыз", - деди ал.

Ошондой эле мамлекеттик кызматкерлердин маянасын жана пенсиясын жогорулатуу боюнча иштер улантарын кошумчалады.

Anadolu агенттигинин маалыматына караганда, бийлик 2023-2024-жылдары 700 миңдей мамлекеттик кызматкердин айлыгын көтөрүүнү көздөп жатат. Мындан тышкары алар кошумча эмгек акысын, түнкү жумушчулардын эмгек акысын жана ардагерлердин жөлөк пулдарын дагы көтөрмөкчү.

Түркияда жекшемби күнү, 14-майда президенттик шайлоо өтөт. Учурдагы президенттин негизги атаандашы 74 жаштагы оппозициялык талапкер, Түркия парламентинин депутаты, Республикалык элдик партиянын лидери Кемал Кылычдароглу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12147