Пакистанда мурунку премьер кармалгандан кийин баш аламандык башталды
RU

Пакистанда мурунку премьер кармалгандан кийин баш аламандык башталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Пакистандын мурдагы өкмөт башчысы Имран Хан камалгандан кийин шейшемби күнү Пакистанда башаламандык башталды. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

Полиция кечээ саясатчыны резиденциясынан кармап кеткен.

Жергиликтүү ЖМКлардын маалыматына караганда, Карачи, Лахор жана Фейсалабад шаарларында тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү көздөн жаш агызуучу газ колдонгон. Исламабад менен Пешаварда экс-премьердин тарапташтары көчөлөрдү тосуп алышкан.

Аталган шаарларда нааразычылыкка чыккандар полициянын автоунааларын өрттөп, мамлекеттик мүлккө зыян келтирүүсү маалымдалган.

Буга чейин отчёттуулук боюнча улуттук бюро Ханга, анын аялы жана "Техрик-и-Инсаф" партиясынын лидерлерине карата иликтөө ишин баштаган.

"Мурунку өкмөт башчы жакындары менен Аль-Кадир университетин түптөөдө мамлекеттик казынага 50 миллиард (15 миллиард 50 миллион сомго чукул же 17 миллион доллардын тегерегиндеги сумма) рупия чыгым тарттырган", - деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12148