Мирлан Самыйкожо Конституцияны өзгөртүүнү сунуштады
RU

Мирлан Самыйкожо Конституцияны өзгөртүүнү сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Мирлан Самыйкожо Жогорку Кеңештин 10-майдагы жыйында Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү сунуштады.

Ал учурда балээнин баары Баш мыйзамда жана анын баш аламандыгында жатат деп билдирди.

"Кыргызда "Бир алымдан эт кетет, бир сүйлөмдөн кеп кетет" деп айтылат. Акыркы Баш мыйзам кыргыз тилинде жазылды дешкен, бирок орус тилинен түшүнүксүз которулган каталарды таап, тизмектеп койдук. Ким керек десе, ошого берели. Баш мыйзамдын популисттик, алешемдик менен шашылыш жазылып калганы сокурга көз бүткөндөй көрүнүп жатат. Бүгүн Конституцияны аттап, тебелеп-тепсеп, ар кандай түшүнүктөргө өтүп кетип жатабыз. Баш мыйзамыбызды кайрадан редакциялап чыкмайынча алдыда дагы көп тарткылыгыбыз бар. Мамлекеттин өзөгү Баш мыйзам болуп аткандан кийин аны өзгөртүү сунушун Жогорку Кеңешке киргизели. Биз адашпайлы десек уялбай эле ушул кемчилик кеткен экен деп оңдойлу", - деди эл өкүлү.

Самыйкожо буга чейин эле Кыргызстандын Конституциясы 11 жолу өзгөртүлгөнүн кошумчалап өттү.

Аталган сунушту депутат Адахан Мадумаров дагы колдорун билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12152