Майлуу-Сууда келин сүйлөшүп жүргөн жигитин уруп-сабаган деп айыптады
RU

Майлуу-Сууда келин сүйлөшүп жүргөн жигитин уруп-сабаган деп айыптады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Майлуу-Суу шаарында 42 жаштагы аял мамиле куруп жүргөн жигитин уруп-сабоого айыптады. Жалал-Абал ОИИБден маалымдашкандай, окуя ушул жылдын февраль айында болгон.

Майлуу-Суу ШИИБине 42 жаштагы аял арыз менен кайрылган. Арызда 20-февралга караган түнү сүйлөшүп жүргөн жигити уруп, денесине жаракат келтиргендигин билдирген.

Бул окуя боюнча топтолгон материалдар 138-берене менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Токтогул районунун 1991-жылы туулган К.А. аттуу тургуну Токтогул районунан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12153