Жакында Кыргызстанда күн нурунан электр энергия алуучу станциянын курулушу башталат
RU

Жакында Кыргызстанда күн нурунан электр энергия алуучу станциянын курулушу башталат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Masdar (Бириккен Араб Эмираттары) компаниясынын өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча улук менеджери Мохамед Асаад Тахер жана инвестициялар боюнча менеджери Диас Камалиев менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдирди.

Маалым болгондой, жолугушууда тараптар буга чейинки түзүлгөн келишимдин алкагында 200 МВттык күндүн нурунан электр энергиясын алуучу станция куруу боюнча долбоорду ишке ашыруу маселесин талкуулашты.

Учурда аталган долбоор боюнча күн станциясын Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Нарын облустарына жайгаштыруу боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

Буга ылайык, ушул жылдын май айынын ортосунда компаниянын техникалык адистери Кыргызстанга келет.

Белгилей кетсек, буга чейин министр Таалайбек Ибраевдин Абу-Дабиге болгон жумушчу сапарынын алкагында Абу-Даби өкмөтүнө таандык инвестициялык Masdar компаниясы менен 200 МВТтык күндүн нурунан электр энергиясын алуучу станция куруу боюнча документке кол коюлган.

Түзүлгөн келишимдин негизинде Masdar компаниясы 4 ай изилдөө иштерин жүргүзүшмөк. Андан соң июнь айында станцияны куруу келишимине толук кандуу кирише баштайт.

План боюнча станция 2025-жылы колдонууга берилет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12154