Өзбек чек арачылары тарабынан кармалган кыргызстандык жаран малы менен мекенине кайтарылды
RU

Өзбек чек арачылары тарабынан кармалган кыргызстандык жаран малы менен мекенине кайтарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

9-майда Ала-Бука чек ара отрядынын чек арачылары Өзбекстандын Мамлекеттик күзөт кызматынын чек арачылары тарабынан мурда кармалган Кыргыз Республикасынын жараны менен 702 баш майда малды Кыргызстанга кайтарышты. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдирди.

7-майда Ала-Бука чек ара отрядынын Майская чек ара заставасынын башчысына Кара-Үңкүр айылынын тургуну Абдукарим кайрылып, чабан Медербек Исмаилов жана кыргыз-өзбек чек арасына жакын жерде жайылып жүргөн майда мал жоголгонун билдирген.

Исмаиловду Кыргызстандын аймагынан издөө иштери оң натыйжа бербей, Ала-Бука тилкеси боюнча чек ара өкүлү өзбек кесиптештерине кайрылган. Маалым болгондой, Кыргыз Республикасынын жараны Медербек Исмаилов (чабан) мамлекеттик чек араны бузгандыгы үчүн Өзбекстандын чек ара кезмети тарабынан кармалган. Чабан жайлоодо Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен кочкорлорду Кыргызстанга кайтарууга аракет кылган.

Кечээ, 9-майда Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара өкүлдөрү Исмаиловду жана 702 баш майда малды кыргыз тарапка өткөрүп берүүнү макулдашты. Чабан үйүндө, Абдукарим болсо малын кайтарып алды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12157