Быйыл 167 бүтүрүүчү артыкчылык аттестаттарын алат
RU

Быйыл 167 бүтүрүүчү артыкчылык аттестаттарын алат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкө боюнча 167 окуучу артыкчылык аттестатын алат. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, "Алтын тaмгa" жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясынын жыйынтыгы чыкты.

Ага ылайык, 2022-2023-окуу жылынын соңунда 167 бүтүрүүчү жалпы орто билими тууралуу аттестатын "Артыкчылык менен" алат.

  • Баткен облусунан – 14 окуучу
  • Бишкек шаарынан – 76 окуучу
  • Жалал-Абад облусунан – 10 окуучу
  • Нарын облусунан – 6 окуучу
  • Ош шаарынан – 8 окуучу
  • Ош облусунан – 20 окуучу
  • Талас облусунан – 5 окуучу
  • Чүй облусунан – 21 окуучу
  • Ысык-Көл облусунан – 7 окуучу

Эске салсак, "Алтын тамга" тестирлөөсү республика боюнча 2023-жылдын 25-апрелинде өткөрүлүп, ага 2 миңдей 11-класстын окуучусу катышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12163