Россиянын миграциялык мыйзамдарына жаңы эрежелер киргизилди
RU

Россиянын миграциялык мыйзамдарына жаңы эрежелер киргизилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жарандарга Россиянын миграциялык мыйзамдарына жаңы талаптар киргизилгенин эскертет.

Белгиленгендей, 28-апрелде "Россия Федерациясында чет элдик жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды миграциялык каттоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөр кирди. Ага ылайык, 2023-жылдын октябрынын аягынан тарта жарандар өздөрүнүн жана убактылуу жашап жаткан жерине жашы жете элек балдарынын келгендиги тууралуу миграциялык каттоо органдарына өз алдынча электрондук түрдө билдирүүгө укуктуу.

Электрондук билдирүү жөнөтүү үчүн жарандар жана үй ээлери төмөнкүлөрдү аткарышы керек:

  • "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын бирдиктүү порталында" жеке кабинети болушу шарт;
  • "Электрондук формада мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү үчүн пайдаланылуучу маалыматтык системалардын маалыматтык-технологиялык өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуучу инфраструктурада идентификациялоонун жана аутентификациянын бирдиктүү системасында" каттоодон өтүү.

Турак-жайды ижарага алуу келишимин түзүүдө жарандар менчик ээсинин кошумча макулдугу жок эле жашы жете элек балдарынын келгендиги жөнүндө билдирүүнү өз алдынча (жеке же электрондук түрдө) бере алышат.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: focus.ua.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12168