Улуттук энергохолдинг жоюлуп, жаңы компания түзүлөт
RU

Улуттук энергохолдинг жоюлуп, жаңы компания түзүлөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Энергетика министрлигинин алдындагы Улуттук энергохолдинг ишканасы жоюлат. Бул туурасында аталган компаниянын жетекчиси Таалайбек Байгазиев бүгүн, 11-майда өткөн жыйында айтты.

Айтымында, компаниянын ишмердүүлүгүн токтотууга энергетика тармагында жүргүзүлгөн реформа себеп болгон. Ошондой эле Улуттук энергохолдинг менен Энергетика министрлиги бир эле функцияны аткарганына байланыштуу деп белгилейт.

"Мурда Улуттук энергохолдинг 2001-жылы жоюлуп, андан кийин төрт энергетикалык компанияга бөлүнүп кеткен. Бул 15 жылдан бери бөлүштүрүүчү компаниялардын натыйжасыздыгын көрсөттү. Көрсө, кээ бир энергетиктер жакшы иштейт, кээси жакшы иштебейт экен, ошондуктан барын кайра бириктирүү чечими кабыл алынды", - деди Байгазиев.

2022-жылы бардык компаниялар биригип, эсептешүү борбору кошулган. Ишканалардын ортосунда түшүнбөстүктөр болуп, электр энергиясын сатып алуу/сатуу боюнча келишимдер аткарылбай жатат. Улуттук энергетикалык компанияны кайра түзүп, электр станцияларын куруу дирекциясын түзүү чечими кабыл алынган.

Улуттук энергохолдингдин акцияларынын бардык пакети Энергетика министрлигинин карамагына өтөт.

Белгилесек, Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы 2016-жылы бардык энергетикалык компаниялардын акцияларынын контролдук пакетине (80,49%) ээлик кылган башкаруучу компания катары түзүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12169