Таласта "Унаа" мекемесинин регионалдык бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси менен адиси кармалды
RU

Таласта "Унаа" мекемесинин регионалдык бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси менен адиси кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Унаа" мамлекеттик мекемесинин Талас регионалдык бөлүмүнүн Кара-Буура - Манас секторунун мурдагы башчысы менен адиси кармалды. УКМКдан маалымдашкандай, алар коррупцияга шектелүүдө.

Коопсуздук комитети тарабынан Кара-Буура - Манас секторунун жана А.Кошонов атындагы Кара-Буура райондук унаа мектебинин мугалимдери коррупциялык схема уюштурганы аныкталды.

"Унаа" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери жана мектептин айрым мугалимдери акчалай сыйлык үчүн кээ бир жарандарга жол кыймылынын эрежелерин билүүсү боюнча компьютердик тестирлөөдөн өтүүгө электрондук суроолорго туура жооп берүүгө көмөк көрсөтүп жүрүшкөн.

Бул факты боюнча "Унаа" мамлекеттик мекемесинин Кара-Буура - Манас секторунун мурдагы башчысы А.Т.М. жана адиси Д.Н.Д. кармалды.

Учурда бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12172