Электр энергияга болгон тариф эми жыл сайын өзгөрөт
RU

Электр энергияга болгон тариф эми жыл сайын өзгөрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда электр энергиясынын тарифи эми жыл сайын өзгөрөт. Бул тууралуу "Улуттук энергохолдинг" ишканасынын жетекчиси Талайбек Байгазиев 11-майда өткөн маалымат жыйында билдирди.

"Тариф мындан ары бир жылда бир жолу өзгөртүлүп турат. Быйылкы 2023-жылдын өзгөрүүсү азырынча ушул, андан башка жогорулоо болбойт. Өнөр-жай абоненттери үчүн өзүнчө коэффициенттер бар, ал такталат. Андан башка болбойт", - деди Байгазиев.

Белгилей кетсек, учурда мамлекет электр энергиянын 1 кВт саатын 2 сом 28 тыйындан сатып алат. Бирок калк ошол эле 1 кВт саат үчүн 77 тыйын төлөчү. Буга ылайык, 1-майдан тартып Кыргызстанда электр энергиясынын тарифи 23 тыйынга жогорулаган. Калк үчүн бир кВт/саат тарифи 77 тыйындын ордуна 1 сом болду. Эгер бир айлык керектөө 700 кВт/сааттан ашса, 2 сом 16 тыйын болот.

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жеңилдетүү каралган. Ал эми ишкана, мекеме, уюмдар үчүн башка тариф колдонулат.

Кыргызстан учурда электр энергиясы эң арзан алдыңкы 10 өлкөнүн катарына кирет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12178