Психотроптук заттарды сатуу менен алектенген интернет-дүкөндүн уюштуруучусу кармалды
RU

Психотроптук заттарды сатуу менен алектенген интернет-дүкөндүн уюштуруучусу кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте психотроптук заттарды ири өлчөмдө саткан интернет-дүкөндүн уюштуруучусу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, интернет-дүкөн кардарлары менен Telegram аркылуу кат алышып, баңгизаттарды Бишкек шаарынын аймагында жашыруун жерлер аркылуу сатып келген. Онлайн-дүкөндүн миңден ашык катталуучусу болгон.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында Биринчи май райондук ИИБ жана БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан 1999-жылкы М.А. аттуу шектүү аныкталып, 12-апрелде кармалган. Ал интернет-дүкөндүн уюштуруучусу, оператору жана курьери да болгону белгилүү болду.

"Тергөөнүн жүрүшүндө М.А. психотроптук заттар катылган жашыруун жерлердин даректерин көрсөтүп берген. Соттук-химиялык экспертиза каражат метамфетамин экенин көрсөткөн. 3-майда шектүү ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп айтылат маалыматта.

Учурда кошумча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12187