Дайырбек Орунбеков: Жетим-Тоону 100% өзүбүз иштетебиз
RU

Дайырбек Орунбеков: Жетим-Тоону 100% өзүбүз иштетебиз

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жетим-Тоо кенин Кыргызстан өз алдынча иштетет. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Facebook баракчасына билдирди.

Анын айтымында, социалдык тармактарда министрлер кабинети Жетим-Тоо кенин Кытайга карызды төлөө үчүн берүү чечимин кабыл алды деген такталбаган маалыматтар тарап жатат.

"Жетим-Тоонун баарын 100% иштетебиз. Бир дагы пайызын эч кимге бербейбиз. Өнүктүрүүнүн каржы булагы такталып бүттү, мамлекет жергиликтүү тургундарды жумушка ала турган металлургиялык завод куруп берет. Бул долбоорго бир чет элдик компания жолобойт. Жетим-Тоо кени бизге Кумтөргө караганда көбүрөөк киреше алып келүүгө кудуреттүү. Учурда геологиялык чалгындоо иштери жүрүп жатат, аяктагандан кийин иштетүү башталат", - деп жазган Дайырбеков.

Ал жалган маалымат тараткандыгы үчүн жоопкерчиликти эске салды.

Кара жана түстүү металлдардын эң ири кени Жетим-Тоо Нарын облусунда жайгашкан. Кенди иштетүү боюнча активдүү талкуулар 2020-жылдан кийин Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин башталган. Анын сөзүнөн улам карызды жабуу үчүн чийки затты Кытайга өткөрүү варианты каралып жатканы тууралуу сөздөр пайда болгон. Бул коомчулукта нааразылык жаратып, бирок көп өтпөй аткаминерлер бул Жапаровдун жеке пикири экенин жарыялашкан. Кийинчерээк Садыр Жапаров Жетим-Тоону иштетүүгө өкмөт даяр эместигин билдирип, геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүп, запастарды аныктоо боюнча гана буйрук берилгенин айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12189