Бишкекте 14 жашар бала электр болгаркасы менен өз жанын кыйды
RU

Бишкекте 14 жашар бала электр болгаркасы менен өз жанын кыйды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

14-жаштагы өспүрүм бала электр болгаркасы менен өз жанын кыйды. Бул маалыматты Kaktus.media редакциясына Ленин ИИБсинин басма сөз кызматы тастыктады.

Белгилүү болгондой, 6-апрелде болжол менен саат 13:45те 102 номерине "Ак-Ордо-3" жаңы конушундагы үйлөрдүн биринде өспүрүм бала өзүн жарадар кылды, деген билдирүү келип түшкөн.

Окуя болгон жерге Ленин райондук ИИБсинин жетекчилиги жан ыкчам-тергөө тобу барган. Үйдүн ичинен 2007-жылы туулган С.С.тин денеси табылган. Ал электр болгаркасы менен моюн тарабын кесип, жеринде каза болгон.

Бул факт ИИБнин КЖБРине катталып, тиешелүү судмедэкспертиза дайындалды.

Учурда сотко чейинки тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1218